Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Бишкек шаарында өткөн Айт-намазга болжол менен 100 миңдей адам катышты. Ош шаарында 23-марттан тарта жылуулук берүү токтотулатАйт маарек болсун. Россиянын элчилиги кыргызстандыктарды куттуктады Бишкек шаарында өткөн Айт-намазга болжол менен 100 миңдей адам катышты. Шаардык ГУВДнын маалыматына ылайык, коомдук тартипти камсыздоого 3,5 миңдей милиция кызматкери тартылды. Коопсуздук «Коопсуз шаар» долбоорунун видеокөзөмөл камералары аркылуу да көзөмөлдөндү. Милиция кызматкерлери 12 ири мечитте кызмат өтөштү. Маалыматка караганда, иш-чара тынч өтүп, эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок.
Айт маарек болсун. Россиянын элчилиги кыргызстандыктарды куттуктады Дипөкүлчүлүктүн билдирүүсүндө бул майрам адамдарды бириктирип, үй-бүлөлүк жана коомдук байланыштарды бекемдеп, жакшылык иштерге шыктандырары белгиленген. “Россия Кыргызстанга мүнөздүү болгон улуттар аралык жана дин аралык ынтымакты жогору баалайт. Эки өлкөнүн элдеринин өз ара урматы, коңшулаштыгы жана руханий жакындыгы мындан ары да мамилелерди өнүктүрүүгө бекем негиз болуп берет. Кыргызстан элине тынчтык, ден соолук, бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалайбыз”, — деп айтылат куттуктоодо.
Ош шаарында 23-марттан тарта жылуулук берүү токтотулатОш шаарында 2025–2026-жылдардагы жылытуу сезону жыйынтыкталат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдир Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэр Жанар Акаев кол койгон.Ал эми Бишкек мэриясы шаарда күндүн табы +8 градустан жогору болуп беш күн бою сакталган учурда гана өчүрүлөрүн, мындай күндөр келаткан аптада күтүлүп жаткандыгын кабарлады.
Ысык-Көл областында 2026-жылдагы алгачкы асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирип, биринчи орун басар Тариэль Жаныбеков жол курулушуна даярдыкты жана Балыкчы — Барскоон — Каракол жолу тилкесин текшергени маалымдалды. Маалыматка ылайык, Россия менен жетишилген келишимдин негизинде быйылкы жолдор үчүн биринчи партия битум келип түшүп, сактоочу жайларга түшүрүлүүдө. Жель-Арык жана Кыямат-Кыркул базаларына 1160 тонна, ал эми Шамал-Сай базасына 860 тонна битум жеткирилди.
Кыргыз мамлекеттик куурчак театры Нооруз майрамына карата 21-мартта майрамдык шоу-программага чакырат. Уюштуруучулардын айтымында, бул күнү Куурчакчылар күнү да белгиленип, кош майрам болот. Балдар жана чоңдор үчүн оюндар, таттуулар жана кызыктуу программа даярдалган. Ошондой эле көрүүчүлөргө «Шайыр светофор» кыргыз тилинде жана «Солнечный зайчик» орус тилинде спектаклдери көрсөтүлөт.
Евробиримдиктин Венгрияны Украинага 90 млрд евро кредит берүүгө макулдатуу аракети туңгуюкка кептелди Буга чейин Виктор Орбан Киев “Дружба” мунай түтүгү аркылуу нефть жеткирүүнү калыбына келтирмейинче бул каражат берилбей турганын билдирген. РИА Новостинин маалыматына ылайык, бул маселе сүйлөшүүлөрдөгү эң эле талуу жери. ЕБ бир тараптан Украина боюнча бирдиктүү позицияны сактоого аракет кылса, экинчи жагынан мүчө өлкөлөрдүн ар түрдүү энергетикалык муктаждыктары менен эсептешүүгө мажбур болууда.