Зоомузейге жүз жыл: Кыргызстандын башкы зоологиялык музейи жаңы имаратка муктаж

Sputnik
Бишкектеги Зоологиялык музей быйыл 100 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Бул илимий жайда өлкөнүн жаныбарлар дүйнөсүнө байланышкан баалуу экспонаттар сакталат. Бирок юбилейге карабастан музей азырынча коноктор үчүн жабык. Себеби экспонаттар коюлган витриналар эскирип, жараксыз абалга келген. Музейдин учурдагы абалы жана аны калыбына келтирүү пландары тууралуу “Sputnikтен сүйлөйбүз” уктуруусунда кеп кылабыз.