Бирөөнү капа кылган болсом кечирим сурайм. Ташиевдин айт намазды Бишкектеги мечиттердин биринде окудуУкраина төрт жылда Белгородго дрон менен 54 миңден ашуун сокку жасадыКүчүбүз — биримдикте! Жапаров элди куттуктап, айт намазга катыштыЭлибиз көп этностуу, көп түрдүү болсо да биздин күч — биримдикте, ынтымакта жана өз ара ишенимде. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Орозо айтка карата элге жолдогон куттуктоосунда айтылат. Өлкө башчы берекелүү Рамазан айы ар бир мусулман үчүн руханий тазалануунун, сабырдуулуктун жана кайрымдуулуктун айы экенин эске салып, адамдар бири-бирине жакшылык кылууга умтулуп, муктаждарга жардам берүү, боорукерлик жана адилеттүүлүк сыяктуу асыл баалуулуктарды жогору коюшарын белгилеген. Анын айтымында, ушундай руханий нарктар коомубуздагы өз ара урмат-сыйды, ынтымакты жана биримдикти бекемдөөгө кызмат кылат.Куттуктоосунун соңунда ал ар бир үй-бүлөгө тынчтык, береке жана бакыт каалады. Өлкө башчысы Эски аянтта өткөн айт намазга да катышты. Ага жалпы 30 миңдей киши келгени айтылууда.
УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев айт намазын Бишкектин Жал кичирайонундагы "Махмуд Кашгари" мечитинен окуду.Андан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип, элге куттуктоо жолдогон. "Бирөөнү капа кылган же туура эмес мамиле кылган болсом, айт намазынын урматына кечирим сурайм. Орозо учурунда жалган жана туура эмес маалымат тараткандарды дагы кечирдим. Мындан ары андай кылышпасын", — деди Ташиев. Эскерте кетсек, атайын кызматтын мурунку жетекчиси Кыргызстанга кайтып, ИИМге суракка кирип чыгып, тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоо боюнча тил кат жазып берген. Азырынча анын кайсы иш боюнча жана кандай макамда суралганы расмий айтыла элек.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү 14 пайызга өстү. Ал эми акыркы беш жыл ичинде көрсөткүч 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу РФтин КРдеги соода өкүлү Айнур Саманов Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Россиянын рыногуна, анын ичинде РФтин аймактарына экспорттоо 4,5 эсеге өстү. "Бул тараптардын ортосунда өз ара кызыкчылык бар экенин көрсөтөт. Россиянын продукциялары Кыргызстанда жогорку суроо-талапка ээ. Ошол эле учурда Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар дагы Россиянын рыногунда жакшы сатылууда", — деди Саманов. Ал тараптар соодадагы оң динамиканы сактап калууга үмүттөнүп жатканын кошумчалады. Жакынкы жылдарга товар жүгүртүүнүн көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү пландалып жатат.
Украинанын Куралдуу күчтөрү 2022-жылдан бери Белгород облусуна учкучсуз учуучу аппараттар менен 54 миңден ашуун чабуул жасаган. Бул тууралуу РФ ТИМинин киевдик режимдин кылмышы боюнча элчиси Родион Мирошник билдиргенин РИА Новости жазды. “Соңку бир жарым жылда жай тургундарга жана жарандык объектилерге сокку жасоодо учкучсуз учуучу техникалар үстөмдүк кылууда”, — деди ал эл аралык телемост учурунда. Ал белгилегендей, Киев режими аппараттарды элге каршы атайылап колдонуп, “аба аркылуу ууландыруу” режимин жарыялаган. “Мындай соккулар кокустук эмес. Украиналык дрон операторлору атайылап элге, жолдогу транспортко жана көп адамдар чогулган жерлерге сокку урууда”, — деди элчи. Анын айтымында, бул аракеттердин максаты россиялык жарандарды коркутуу болуп саналат.