Кыргызстандын үрөнчүлүгүнүн келечеги кандай — жогорку сапаттагы үрөндөрдүн тартыштыгы

Sputnik
Кыргызстанда үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүүгө ар дайым көңүл бурулушу керек деп келгени менен жогорку сапаттагы үрөндөрдүн тартыштыгы, селекциялык базанын эскириши жана илим, бизнес жана мамлекет ортосундагы кызматташуунун жетишсиздиги байкалып келет. Үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө стратегиялык макам берүү, аны Кыргызстандын айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуунун негизги фактору катары карап, кадр маселеси да чечилиши керектиги айтылат. Бул көйгөйлөр кантип чечилип жатканын Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун директору, айыл чарба илимдеринин доктору Биржан Усубалиев чечмелеп берди.