Бугун, Айтта, борбор калаадагы №38 жана №203 каттамдын автобустары саат 12:00гө чейин калкты бекер ташыйт. Бул туурасында муфтияттан кабарлашты. "Орозо айтта шаар элине майрамдык маанай тартуулап, аянтта окула турган айт намазга келип, кайра кайткандарды тейлесин деген тилек менен эки линиядагы 50 автобуска бекер каттам уюштурдук. №38 жана №203 автобустары жүргүнчүлөргө 05:00 – 12:00дү аралыгында бекер кызмат көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта. Муфтият айт намаздардын программасын да кошумча билдирди.
Кыргызстан Кытайга жүгөрү экспорттой баштаганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. 25 тонналык алгачкы партия 16-март күнү жөнөтүлгөн. "Бүгүнкү күндө Кытайга жүгөрү экспорттоо укугуна эки ата мекендик ишкана ээ. Бул көрсөткүч өлкөнүн экспорттук потенциалы жогорулап жатканын жана фитосанитардык эрежелер так сакталып жатканын далилдейт", — деп айтылат маалыматта. Министрлик мындан ары да өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүлүп, кыргыз айыл чарба продукциясынын дүйнөлүк рыноктордогу үлүшүн кеңейтүү багытында иштер улана турганын белгиледи.
Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярдануу үчүн "Булак" акысыз мобилдик тиркемеси ишке кирди. Бул туурасында Агартуу министрлигинен билдиришти. "Тиркемени иштеп чыгууда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору сунуштаган өткөн жылдардын тесттик тапшырмалары колдонулду. Алардын негизинде адис Эмил Билгазиев жана анын командасы жасалма интеллектинин технологияларын колдонуу менен негизги предметтер боюнча окшош суроолорду даярдашты", — деп айтылат маалыматта. Тапшырмалардын сапатын камсыз кылуу максатында Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан экспертиза жүргүзүлгөн. Адистер суроолордун туура түзүлүшүн, мектеп программасына шайкештигин, татаалдыгын, ошондой эле баалоонун объективдүүлүк принциптерине шайкеш келишин текшерген.
Ички иштер органдары Айт жана Нооруз майрамдарына карата күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөнүн ИИМ билдирди. Маалыматта ИИМдеги жыйында даярдык иштери талкууланганы айтылат. Коомдук жайларда, мечиттердин жанында жана иш-чаралар өтчү жерлерде 12 миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздукту камсыздап, тартипке көз салмакчы. "Кырдаалды чайпалтуу, туура эмес маалымат таратуу жана чагымчылык аракеттер ошол жерден токтотулуп, дароо катуу чаралар көрүлөт", — деди министр Улан Ниязбеков. Эскерте кетсек, бугун, 20-мартта, Орозо айт, ал эми 21-мартта Нооруз майрамы белгиленет.
Израилдин Коргонуу армиясына (ЦАХАЛ) саясий жетекчилик менен макулдашпастан эле Ирандын жогорку кызматтагы адамдарынын баарын өлтүрүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Исраэль Кац билдиргенин РИА Новости жазды. "Премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен кеңешип ЦАХАЛга кошумча макулдашуусуз Ирандын жогорку кызматты ээлеген чиновнигинин баарын жок кылуу укугун бердик. Бүт жок кылабыз", — деген министр согуш талаасындагы абалга баа берип жатып. Ал буга чейин Иран бийлиги тарабынан дайындалган бир да лидер аман калбай турганын айткан болчу. Шейшемби күнү Израиль Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани менен "Басидж" ыктыярдуу аскер күчтөрүнүн командири Гулямрез Солеймани жок кылынганын кабарлаган. Тегеран алардын өлүмүн расмий тастыктады.