Бийлик 1-апрелден тарта медицина кызматкерлери канча айлык ала турганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов медицина кадрларынын жетишсиздигин чечүү үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканын айтып берди.
Ал 1-апрелден тарта бардык медиктердин айлыгы эки эсе көбөйө турганын эске салган. Маяна төмөнкүдөй болуп жогорулайт:
медициналык окуу жайды жаңы бүтүрүп, ишке орношкон жаш дарыгерлердин айлыгы 13 581 сомдон 35 248 сомго чейин өсөт;
тажрыйбалуу дарыгерлердин айлыгы стажына жараша жогорулайт жана кошумча төлөмдөр сакталып калат;
алыскы жана бийик тоолуу аймактарда иштеген дарыгерлер үчүн айлык акы орточо 30 пайызга көбөйтүлөт;
"Дарыгердин депозити" программасынын алкагында дарыгерлерге кварталына 66 миң сомдон төлөнүп берилет;
суроо-талап жогору болгон адистиктер боюнча иштеген жаш дарыгерлерге ай сайын кошумча 20 миң сом каралган;
өлкөдө иштеген 28 миң медайымдын айлыгы да жогорулатылып, 8 541 сомдон 29 053 сомго чейин көбөйөт;
МИК боюнча медицина кызматкерлерине артыкчылык берилет.
Учурда өлкө боюнча медициналык мекемелерде 1 596 дарыгер жетишпейт. Буга байланыштуу тиешелүү адистер жумушка чакырылат.
Министрлик: 1-апрелден тарта бардык мугалимдердин айлыгы 100%га жогорулайт