БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Россиянын элчилиги кыргызстандыктарды куттуктады.
Дипөкүлчүлүктүн билдирүүсүндө бул майрам адамдарды бириктирип, үй-бүлөлүк жана коомдук байланыштарды бекемдеп, жакшылык иштерге шыктандырары белгиленген.
"Россия Кыргызстанга мүнөздүү болгон улуттар аралык жана диндер аралык ынтымакты жогору баалайт. Эки өлкөнүн элдеринин өз ара сый-урматы, коңшулаштыгы жана руханий жакындыгы мындан ары да мамилелерди өнүктүрүүгө бекем негиз болуп берет. Кыргызстан элине тынчтык, ден соолук, бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалайбыз", — деп айтылат куттуктоодо.