ЖРТга даярдай турган "Булак" тиркемеси иштелип чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярдануу үчүн "Булак" акысыз мобилдик тиркемеси ишке кирди. Бул туурасында Агартуу министрлигинен билдиришти.
"Тиркемени иштеп чыгууда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору сунуштаган өткөн жылдардын тесттик тапшырмалары колдонулду. Алардын негизинде адис Эмил Билгазиев жана анын командасы жасалма интеллектинин технологияларын колдонуу менен негизги предметтер боюнча окшош суроолорду даярдашты", — деп айтылат маалыматта.
Тапшырмалардын сапатын камсыз кылуу максатында Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан экспертиза жүргүзүлгөн. Адистер суроолордун туура түзүлүшүн, мектеп программасына шайкештигин, татаалдыгын, ошондой эле баалоонун объективдүүлүк принциптерине шайкеш келишин текшерген.
"Булак" мобилдик тиркемеси мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ыңгайлуу машыгуу тапшырмалары аркылуу ЖРТга даярданууга жардам берет. Ошондой эле ал бардык окуучулар үчүн, анын ичинде акы төлөнүүчү даярдоо курстарына жеткиликтүүлүгү жок аймактардагы окуучуларга тең мүмкүнчүлүк түзөт", — дешти министрликтен.
Окуучуларды класстан класска өткөрүүдө кыргыз тилинен экзамен тапшыруу нормасы алынды