Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөргөнүн "Ынтымак ордо" кабарлады.
1 / 3

Жыйында Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардан улам Кыргызстандын улуттук коопсуздугун, анын ичинде азык-түлүк жана энергетика тармактарындагы коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланган

2 / 3

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү өлкөнүн стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштарды беришти

3 / 3

Мамлекеттик органдардын жетекчилерине, президенттин облустардагы өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине тиешелүү тапшырмалар берилди

Маалыматта жыйында Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардан улам Кыргызстандын улуттук коопсуздугун, анын ичинде азык-түлүк жана энергетика тармактарындагы коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланганы айтылат.
Мындан тышкары, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү өлкөнүн стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштарды беришти.
Жыйын соңу менен мамлекеттик органдардын жетекчилерине, президенттин облустардагы өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине тиешелүү тапшырмалар берилген.
Мыйзам бузулса дароо чара көрүлөт! ИИМ майрамдарга карата эскертүү берди