Россиянын субмариналары кантип кичинекей "жашыруун кайыктардан" азыркы ири стратегиялык ракета ташуучу кемелерге чейин өстү? Бул туурасында видеобаянда айтып беребиз.
1718-жылы Подмосковьеден чыккан уста Ефим Никонов Пётр Iге жетип, "жашыруун кеме" идеясын сунуштайт. Иш башталып, бирок улам ийгиликсиз боло берген. Жыгач корпусу деңиз түбүнө урулуп, талкаланып, суу өтүп кетип турган. Император каза болгондон кийин Никонов даражасынан ылдыйлап, Астрахань верфине жиберилген.
1840-жылы инженер Карл Шильдер өзүнүн конструкциясы менен жасалган суу алдындагы кайыкты сынайт. Узун таякка орнотулган мина менен куралданган жана дүйнөдө биринчи жолу перископ (сырттагы нерселерди көрүүгө мүмкүндүк берген атайын оптикалык прибор — ред.) коюлган металл кеме императордук комиссиянын алдында сыноодон ийгиликтүү өткөн. Бирок император Николай I аны массалык өндүрүшкө киргизүүнү колдогон эмес.
1865-жылы фотограф Иван Александровский суу алдындагы кайыкты сыноодон өткөргөн. Ал фотоаппараттагы пневматикалык механизмге шыктанып, кадимки адам күчүнүн ордуна пневматикалык күчтү колдонгон. Бул кайыктын командири атактуу Иван Крузенштерндин небереси болгон. 1881-жылы инженер Степан Джевецкий өзүнүн суу алдындагы кемесин император Александр IIIнүн алдында сыноодон өткөргөн. Инженер аппаратты өзү башкарган жана императордун жубайынан саамга да ажырабай жүргөн адатын билгендиктен өзгөчө белек даярдаган. Падыша менен каныша жээкке келгенде кайыктан чыга тизе бүгүп, орхидея гүлдөрүнүн дестесин суна "бул Нептундун сиздин улуу даражаңызга болгон урматы" дейт.
1900-жылдардын башында АКШ Холланд кайыгын куралдандыра баштайт. Аны Россия сатып алууга ниеттенип, полковник Николай Кутейников аттанат. Саткандар асмандын башын айтып, ал киши баш тартып, Россияга кайтат. Мекенине келгенден кийин өзүнүн суу алдындагы кемесин кыска мезгилде курат. Бул кайык америкалыктардыкынан артык болот. 1903-жылы биринчи согуштук суу алдындагы кеме — "Дельфин" субмаринасын кое беришет. 1905-жылы орус-япон кармашында өзүнүн мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп, душманды Владивостокко жакындатпай туруп алган. Кийин Биринчи дүйнөлүк согушта орустардын суу алдындагы кемелери Кара деңизде түрктөргө каршы катуу каршылык көрсөткөн.
Суу алдындагы алгачкы кемелерде согушкан адамдар чыныгы рыцарлар болгон жана деңиздеги аскерлердин ичинен өзүнчө өзгөчө бөлүк деп эсептелишкен. Ал кездеги субмариналарда азыркы кемелерге зарыл делген көп түзүмдөр таптакыр жок эле. Мисалы, абанын сапатын текшерүү үчүн ак чычканды колдонушкан (!). Эгер чычкан теңселип, жаман болсо, кооптуулуктун белгиси дешкен. Мындай учурда тез арада суунун бетине чыгуу керек эле.
Ушундан тартып Россиянын суу алдындагы күчтөрүнүн даңктуу аскердик тарыхы башталган. Жылдар ичинде өсүштөр да, кыйын учурлар да болду. Бир кезде "Каракатица", "Сом", "Форель" сыяктуу кемелер кызмат кылса, кийин алардын ордун "Князь Владимир", "Князь Пожарский", "Генералиссимус Суворов" сыяктуу заманга бап келген кемелер басты. Мындан ары да башка жаңылары пайда болуп, орус инженердик ойлоп табуучулуктун күчү менен дараметин көрсөтө алды.