БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Россиянын Свердлов облусунун тышкы соодасында Кыргызстан барган сайын маанилүү орунду ээлеп барат. Бул тууралуу региондун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча министринин орун басары Олег Александрин Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Ал 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Свердлов облусу менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү болжол менен 160 миллион долларды түзөрүн белгиледи. Ошол эле учурда аймактын жалпы тышкы соода көлөмү 13 миллиард долларга жакын болуп, анын 7,5 миллиард доллары экспортко туура келери айтылды.
"Кыргызстан мааниси боюнча буга чейин эле бир катар Европа өлкөлөрүнөн ашып өткөн. Товар жүгүртүү тең салмактуу мүнөзгө ээ, тагыраагы, экспорт менен импорт дээрлик бирдей. 2021-жылдан бери ал болжол менен төрт эсе өстү. Мындан тышкары, биз тоо-кен жабдууларын, металлургиялык продукциянын олуттуу көлөмдөрүн жана жыгач материалдарын жеткиребиз, бул курулуштун өсүшү менен байланыштуу", — деди Александрин.
Анын айтымында, Кыргызстандын продукциялары менен айыл чарба товарларынын импорту өсүүдө. Мындан тышкары, машина куруу тармагындагы продукцияларды жеткирүү да көбөйүп жатат. Бул өлкөдө өнөр жайдын жигердүү өнүгүшүн жана чет элдик өнөктөштөр менен биргелешкен жаңы ишканалар түзүлүп жатканын айгинелейт.