Маалымат борбор

Кыргызстан менен Россиянын товар жүгүртүүсү беш жылда 2,5 эсеге өстү

Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү 14 пайызга өстү. Ал эми акыркы беш жыл ичинде көрсөткүч 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу РФтин КРдеги соода өкүлү Айнур Саманов Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Россиянын рыногуна, анын ичинде РФтин аймактарына экспорттоо 4,5 эсеге өстү.
"Бул тараптардын ортосунда өз ара кызыкчылык бар экенин көрсөтөт. Россиянын продукциялары Кыргызстанда жогорку суроо-талапка ээ. Ошол эле учурда Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар дагы Россиянын рыногунда жакшы сатылууда", — деди Саманов.
Ал тараптар соодадагы оң динамиканы сактап калууга үмүттөнүп жатканын кошумчалады. Жакынкы жылдарга товар жүгүртүүнүн көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү пландалып жатат.
Элчи: Кыргызстан менен Россиянын соода көлөмүн 5 млрд. долларга жеткирсек болот