Кыргызстан Кытайга жүгөрү экспорттой баштады

Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстан Кытайга жүгөрү экспорттой баштаганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
25 тонналык алгачкы партия 16-март күнү жөнөтүлгөн.
"Бүгүнкү күндө Кытайга жүгөрү экспорттоо укугуна эки ата мекендик ишкана ээ. Бул көрсөткүч өлкөнүн экспорттук потенциалы жогорулап жатканын жана фитосанитардык эрежелер так сакталып жатканын далилдейт", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик мындан ары да өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүлүп, кыргыз айыл чарба продукциясынын дүйнөлүк рыноктордогу үлүшүн кеңейтүү багытында иштер улана турганын белгиледи.
Кыргызстандын ЕАЭБ менен соода алакасы улам өсүп бара жатат