БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. ИИМдин Бишкектеги Тергөө башкармалыгына суракка чакырылган УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевден тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоо боюнча тил кат алынды. Бул туурасында аталган иш боюнча кабары бар маалымат булактар билдирди.
Эске салсак, Ташиевдин Кыргызстанга келип, эртең менен ИИМге чакырылганы анык болгон. Сурак болуп жаткан жерге анын иниси Шаирбек менен уулу Тай-Мурас Ташиев да келген.
Буга чейин "Кыргызнефтегаздын" 2021-жылдан берки кирешеси Ташиевдердин жакын чөйрөсүнүн колунда калганы тууралуу маалымат тараган. Салык кызматы "Кыргызнефтегаз" ишканасынын мунай өндүрүп сатуу процессинде мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген иш-аракеттер аныкталганын кабарлап, ага Ташиевдер кланынын тиешеси болгонун билдирген. Факт боюнча иш козголгону кабарланды.