Израиль Ирандагы газ кенине чабуул жасап, Трамп үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Израиль Ирандагы Түштүк Парс ири газ кенине чабуул жасады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Ал — Катардагы Түндүк Парс кенинин уландысы. Катар чабуулду кооптуу жана жоопкерчиликсиз кадам деп атап, глобалдык энергетикалык коопсуздукка, аймактагы калкка жана экологияга коркунуч жаратарын билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп Америка Израилдин чабуул жасаарынан кабары болбогонун айтты.
"Кошмо Штаттар бул конкреттүү чабуул тууралуу эч нерсе билген эмес, ал эми Катардын буга эч кандай тиешеси жок жана андан кабары да болгон эмес", — деп жазды ал Truth Social тармагына.
Эгер Иран Катарга сокку урса, АКШ Түштүк Парс кенин жок кыларын кошумчалаган.
"Израиль мындан ары бул абдан маанилүү жана баалуу Түштүк Парс кенине сокку урбайт. Бирок эгерде Иран акылсыздык кылып, бул кырдаалда таптакыр күнөөсү жок Катарга кол салууну чечсе, анда АКШ Түштүк Парс кенин жок кылат", — деди ал.
Буга чейин Иран бийлиги жооп иретинде Катар, Сауд Арабиясы жана БАЭдеги энергетикалык объектилерге сокку урарын эскерткен.
"Бүт жок кылабыз". Израиль армиясына ирандык аткаминерлерди өлтүрүүгө уруксат берди