БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Европа Украинага аскер жөнөтүүгө даярданууда, ал эми Венгрия ага аралашууну каалабайт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан билдиргенин РИА Новости жазды.
"Суук кабарым бар: согуш жакындап калды. Европа ага улам тереңдеп кирип баратат. Азыр акча, курал берүүдө, Украинага кийинчерээк европалык аскер күчүн жөнөтүү боюнча макулдашуу түзүлгөн. Азыр биздин башкы максатыбыз — согушка аралаштырууга жол бербөө", — деген Орбан үгүт иш-чарасында.
Премьер буга чейин Брюссель Европаны согушка даярдап жатканын, Украинага европалык жоокерлер акыры жөнөтүлө баштаарын билдирген. Анын айтымында, Венгрия — согушка даярдык көрбөгөн Евробиримдиктеги жалгыз мамлекет. Мунун баары 2022-жылы өткөн шайлоодо азыркы бийликтин жеңишинен улам болууда. Орбан ЕБдин башка мүчөлөрү кандуу кагылышууга ыктап жатканын белгилеген.