БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Эртең, Айтта, борбор калаадагы №38 жана №203 каттамдын автобустары саат 12:00гө чейин калкты бекер ташыйт. Бул туурасында муфтияттан кабарлашты.
"Орозо айтта шаар элине майрамдык маанай тартуулап, аянтта окула турган айт намазга келип, кайра кайткандарды тейлесин деген тилек менен эки линиядагы 50 автобуска бекер каттам уюштурдук. №38 жана №203 автобустары жүргүнчүлөргө 05:00 – 12:00дү аралыгында бекер кызмат көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта.
Муфтият айт намаздардын программасын да кошумча билдирди.
Эски аянтта:
07:00 – 07:30 – куран окуу;
07:30 – 07:40 – модератор Шүкүр ажы Исмаилов;
07:40 – 08:10 – диний баяндар: Бакыт ажы Кайкиев, Жолдошбек ажы Абдылдаев;
08:10 – 08:30 – муфтийдин сөзү: айт намазын окуу тартиби жана эрежелери;
08:20 – 08:30 – сапан-сап айтуу;
08:30 – 08:50 – айт намазын окуу жана майрамдык дуба кылуу.
Жер-жерлерде айт намаз мечиттерде окулат.
07:30 – 08:00 – куран окуу;
08:00 – 08:25 – диний баяндар;
08:25 – 08:30 – айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
08:30 – айт намазын окуу.