БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта окулат. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ал эми аймактарда эл майрамдык намазга мечиттерде жыгылмакчы.
Чечим тиешелүү мамлекеттик органдардын корутундусунун негизинде кабыл алынган.
Маалымат катчы ар бир массалык иш-чаранын алдында атайын комиссия коопсуздук маселелерин карап, мүмкүн болгон коркунучтарды талдап, тиешелүү кызматтардын даярдыгын баалай турганын кошумчалады.