БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Россия Батыштын санкцияларына мындан ары деле туруштук берүүгө кудурети жетет. Мындай маалымат чалгын түзүмдөрүнүн Конгресске берген докладында айтылат.
"Россия, кыязы, Батыштын сакцияларына жана экспорттук көзөмөл чараларына туруштук берүү дараметин сактап калат", — деп белгиленген жарыяланган документте.
Мурдараак РФ президентинин чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташуу боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев көп мамлекеттер, биринчи кезекте АКШ дүйнөлүк экономиканын туруктуулугун камсыздоодо орус мунайы менен газы маанилүү роль ойной тургандыгын жакшы түшүнө баштаганын айткан эле. Андан сырткары, Россияга каршы санкциялар майнапсыз жана деструктивдүү экенине көздөрү жеткенин кошумчалаган.
Москва Батыштын бир нече жылдан бери жасалган санкциялык кысымына туруштук берерин белгилеп келет. Кремль антироссиялык санкциялар натыйжа бербей тургандыгын, тек гана дүйнөлүк экономикага кедергисин тийгизерин бир нече ирет айткан.