БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Жума күнү күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +12…+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +13…+18, Таласта +10...+15, Ысык-Көлдө +8...+13, Нарын өрөөнүндө +5…+7 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +14…+16, Ош шаарында +15…+17 градусту көрсөтөт.