2-апрелден тарта кинотеатрларда жаңы кыргыз тасмасы — "Берекем" көрүүчүлөргө сунулат. Бул — үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалаган, ажырашуунун алдын алууга үндөгөн терең драма. Тасма жубайларды бири-бирин угууга, түшүнүүгө жана үй-бүлөнүн баркын баалоого чакырат.
Башкы каармандарды актер, ырчы Султан Садыралиев жана актриса Алтынай Муканбетова жаратса, тасманын сценаристи жана режиссеру — Эрмек Казыбеков.
«Стоп кадр» программасында бүгүн дал ушул тасма тууралуу кенен сөз кылып, анын артындагы идея, жаратуу процесси жана көрүүчүлөргө берчү мааниси тууралуу айтып беребиз.