Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?

Sputnik
Кыргызстанда саламаттык сактоо системасында мамлекеттик жана жеке медициналык мекемелер маанилүү роль ойнойт. Калкка сапаттуу жана коопсуз медициналык кызмат көрсөтүү үчүн бул мекемелердин ишмердүүлүгүн лицензиялоо жана мамлекеттик деңгээлде жөнгө салуу зарыл. Бирок салттуу медицинага кайрылгандардын саны да арбыды. Бул жаатта лицензия алуу процесси, талаптарды аткаруу жана көзөмөл жүргүзүүдө бир катар көйгөйлөр кездешет.
Ошондуктан “Ачык кеп” уктуруусунда Кыргызстандагы элдик медицина менен алектенген жеке клиникаларды лицензиялоо жана жөнгө салуудагы негизги маселелер токтолдук.