Кыргызстанда VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына даярдык соңку айларда активдүү жүрүп, бул өлкөнүн туризм жана спорт тармагындагы маанилүү иш-чарасына айланды. Оюндарга 56 мамлекеттен 500гө жакын журналист чакырылат, “Айола” тобу эл аралык долбоордун амбасадору болуп дайындалган жана көптөгөн блогерлер да чакырылууда. Бул ирет улуттук колориттеги, көчмөн цивилизациясын чагылдырган мода көргөзмөсүнө да кенен убакыт берилет.
“Күн башат” программаларынын алкагында Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов оюндарга даярдык, маданий программа, волонтёрлордун тандалышы жана коопсуздук чаралары тууралуу маалымат берди. Ал белгилегендей, бул оюндар көчмөндөрдүн маданий мурасын таанытуу, спорттук мелдештерди өткөрүү жана өлкөнүн эл аралык аброюн жогорулатуу максатында уюштурулууда.