Мыйзам бузулса дароо чара көрүлөт! ИИМ майрамдарга карата эскертүү берди

Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Ички иштер органдары Айт жана Нооруз майрамдарына карата күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөнүн ИИМ билдирди.
Маалыматта ИИМдеги жыйында даярдык иштери талкууланганы айтылат. Коомдук жайларда, мечиттердин жанында жана иш-чаралар өтчү жерлерде 12 миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздукту камсыздап, тартипке көз салмакчы.

"Кырдаалды чайпалтуу, туура эмес маалымат таратуу жана чагымчылык аракеттер ошол жерден токтотулуп, дароо катуу чаралар көрүлөт", — деди министр Улан Ниязбеков.

Эскерте кетсек, эртең, 20-мартта, Орозо айт, ал эми 21-мартта Нооруз майрамы белгиленет.
Бишкекте айт намазды Эски аянтта окууга уруксат берилди