Захарова: Украина курал сатылган ири хабга айланууда

Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Украина курал-жарак сатылган ири хабга айланууда. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдирди.
Анын айтымында, мындай жагдай бүтүндөй дүйнө үчүн кооптуулук жаратат.
"Украина курал агылган ири эл аралык хабга, керек болсо анын баары мыйзамсыз сатылган борборго айланып жатат. Бул дүйнөлүк коопсуздук үчүн олуттуу тобокелдикти шарттайт", — деди өкүл.
Захарова муну менен бирге Украинага бөлүнүп жаткан кезектеги финансылык колдоо максатка ылайык жумшалар-жумшалбасына да токтолгон.
"Бул ирет энергетикалык түйүндү жаңылайбыз деген шылтоо менен беш миллиард евро алынууда. Максаттуу пайдаланылары күмөн. Энергетикадагы миллиарддарды чапчыган уурулук тууралуу, анын ичинде Батыштан келген акчанын уурдалышы тууралуу билебиз. Беш миллиард евро ошонун ордун жабуу үчүн берилеби?" — деп суроо салды ТИМ өкүлү.
Орбан Украинадагы жаңжалдан кимдер пайда көрүп жатканын айтып берди