БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. УКМКнын Чолпон-Ата шаары боюнча башкармалыгынын А.Б. аттуу жетекчиси Аскер прокуратурасы кармады.
Кабары бар кишилердин маалыматына таянсак, ал кызматтагы абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип жатат. Тагыраагы, УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбеков менен тыгыз байланышта болгон дешти.
Эске салсак, Жакыпбеков УКМКнын кызматкерлеринен жана жарандардан турган туруктуу коррупциялык топ түзүүгө шектелип кармалган. Биринчи май райондук соту аны 15-апрелге чейин камакка алган.