БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. УКМКнын айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматта шектүүлөр жана алар менен байланышы бар адамдар ишкерлердин, кылмыш ишинин фигуранттарынын мамлекеттин пайдасына өтө турган акча каражаттарын жана мүлктөрүн өздөрүнө ыйгарып келгени айтылат.
Фактылар боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча иш козголгон.