БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Украинага коопсуздук жаатында көмөктөшүү боюнча АКШнын отставкадагы генералы Антонио Агуто жетектеген топто (SAG-U) ынтымак, өз ара алака жок болгон жана иш жакшы жүргөн эмес. АКШнын аскердик ведомствосунун отчётуна таянган РИА Новости генерал ичкиликке берилгендигин жана шалаакылыгы үчүн айыпталгандыгын жазды.
Текшерүү иштери Киевге аскердик жардам көрсөтүүгө жооптуу бул түзүмдө "начар башкарылган чөйрө" калыптанганын тастыктады. Генерал 2022-жылдын аягынан 2024-жылга чейин бул топту жетектеп, Батыштын Киевге деген бардык аскердик жабдууларынын берилишин жөнгө салууга жооптуу болгон. Инспекторлор ал жердегилердин ишке болгон кызыгуусун жоготкон негизги себеп катары оор шарттар менен кадрлар токтобогон жагдайды белгилешкен.
"Биз SAG-U тобундагы башкаруусу начар чөйрөнүн калыптанышына жана моралдык жактан төмөндөшүнө бир нече себепти аныктадык. Алардын ичинде иштин өтө жогорку темпи, объектилердеги ыңгайсыздыктардан жаралган катаал шарттар, ошондой эле кадрлардын улам алмаша берүүсү бар", — деп айтылат документте.
Инспекторлор экс-генералга "жыргатпаган чөйрөнү" түзгөндүгү үчүн түз жоопкерчиликти формалдуу түрдө жүктөбөгөнү менен, документте анын башкаруу ыкмаларын "кол алдындагы кызматкерлери дайыма эле кош колдоп кабыл албагандыгын" моюндап жатышат.
Буга чейин Пентагон Агутону жашыруун карталар менен иштөөдө өтө олуттуу шалаакылыкка жол берген деп айыптаган. Карталар поездде унутулуп, бир күн бою кароосуз жаткан. Ошондой эле анын 2024-жылы Украинадагы кызматы учурунда ичип жүргөнү аныкталган. Отставкада жүргөн генерал алкоголго жакындыгын "жергиликтүү каада-салттар" менен түшүндүргөн.