БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына Алмазбек Бакетаевдин талапкерлигин жактырды.
Ал 2011-жылдан тарта Финансы министрлигин жетектеп келген.
Эмгек жолу:
1994 (август) – 1995 (сентябрь) — Талас облусу боюнча Салык полициясы башкармалыгында инспектор-программист;
1995 (октябрь) – 1995 (ноябрь) — Мамлекеттик салык инспекциясынын ички көзөмөл бөлүмүндө салык инспектору;
1995 (ноябрь) – 1996 (июль) — Стамбулдагы Komsan эл аралык соода жана маркетинг боюнча түрк компаниясынын өкүлчүлүгүндө башкы менеджер;
1996 (август) – 1997 (июль) — Бишкектин Свердлов району боюнча Мамлекеттик салык инстпекциясынын салык инспектору;
1997 (апрель) - 2000 (март) — Ички аудит башкармалыгында, бюджеттик мекемелердин жана ведомство аралык уюмдардын аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис;
2000 (март) – 2002 (декабрь) — Финансы министрлигинин ички аудит кызматында башкы адис;
2002 (декабрь) – 2005 ( июль) — Финансы министрлигинин борбордук казынасынын ички көзөмөл секторунда жетекчи;
2005 (июль) – 2005 (ноябрь) — Чүй облустук аймактык казына бөлүмүндө башчы;
2005 (ноябрь) – 2010 (март) — Бишкек шаардык казына бөлүмүнүн жетекчиси;
2010 (март) – 2010 (апрель) — Бишкек шаардык мэриясына караштуу Ленин райондук администрациясынын башчысынын орун басары;
2010 (апрель) — 2012 (июнь) — Финансы министрлигинин бюджеттик саясатты жөнгө салуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
2012 (июнь) – 2013 (май) — Финансы министрлигинин экономика тармагынын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын башчысы;
2013 (март) – 2013 (май) – Финансы министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу;
2013 (май) – 2018 (сентябрь) - финансы министринин орун басары;
2018 ( сентябрь) — Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалган.
2020-жылдын 22-октябры — Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу.
2020-жылдын 20-октябрында мэр Азиз Суракматов отставкага кетип, биринчи вице-мэр болуп Нариман Түлеев дайындалып, шаар башчысынын милдети ага жүктөлгөн. Бакетаев вице-мэр болуп калган;
22-октябрдан тарта Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу катары Алмаз Бакетаев бекиген;
2021-жылдын июнь-октябрь айларында экономика жана финансы министринин биринчи орун басары;
2021-жылдын октябрынан экономика жана финансы министри.
Эске салсак, ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиев башкы банктын буга чейинки башчысы Мелис Тургунбаев өз каалоосу менен арыз жазганын айткан.