БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Украинадагы жаңжалдан курал-жарак өндүрүүчүлөр, энергетикалык компаниялар жана насыя берген банктар пайда көрүп жатышат. Дал ошолор чырдын уланышына кызыкдар. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан HirTV телеканалынын эфиринде билдирди.
"Менин оюмча, биз Шекспир "согуштун иттери" деп атаган адамдарды оңой эле тааный турган чекке жеттик. Бул согушта үч чоң күч: курал-жарак заводдору, энергетикалык компаниялар жана банктар жеңүүчү экенин так айта алам. Алар көшөгө артында согушту сүрөп жатышат", — деди Орбан.
Венгриянын премьер-министри белгилегендей, 2022-жылдан бери ири курал-жарак компанияларынын акциялары кескин өстү, энергетикалык ишканалар Европадан орус мунайы менен газын сүрүп чыгарып, чоң киреше табышты. Ал эми банктар өлкөлөргө аскердик насыяларды берип жатышат, бул болсо дүйнөдөгү эң кирешелүү бизнес болуп саналат.
"Европалык саясатчылар менен бир катар өлкөлөр эмне үчүн бул "согуштун иттерине" баш ийип жатканынын ар кандай себептери болушу мүмкүн. Бирок алар биздин жерде эмнеге ийгиликке жетишпей жатканын айта алам. Себеби мен аларды эшиктен ары кууп чыгам. Биз "жок" деп айта алабыз, улуттук-патриоттук өкмөт "жок" дей алат. Башка европалык өкмөттөр муну кыла алышпайт", — деди Орбан.
Буга чейин Орбан Брюссель Европаны согушка даярдап жатканын, ал эми Украинада европалык аскерлердин пайда болушу убакыт маселеси экенин билдирген. Анын айтымында, 2022-жылдагы шайлоодо учурдагы бийликтин жеңишинин аркасында Венгрия — азыр Евробиримдик өлкөлөрүнүн ичинен согушка даярданбай жаткан жалгыз өлкө, ал эми башка европалык мамлекеттер жаңжал тарапка марш менен баратышат.