Нарында Нооруз менен имараттардын фасадын жаңылоого 200 млн. сом бөлүнгөн. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Нооруз майрамын өткөрүүгө жана Нарын шаарындагы имараттардын фасаддарын жаңылоого болжол менен 200 миллион сом бөлүнгөн. Бул маалыматты аймактагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров тастыктады.
Анын айтымында, каражат президенттик фонддон бөлүнгөн, муниципалдык кызматкерлерден бир тыйын да алынган эмес.
Өкүл майрамга 40 жылкы союлат деген маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, майрамдык иш-чарада бешбармак даярдап, элге таратуу үчүн эт сатып алынган.
Бул жылы Нооруз майрамы кеңири масштабда Нарын шаарында өткөрүлөт. Иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышат.
Мэрия Нооруз майрамынын "Ала-Тоо" аянтындагы программасын жарыялады