БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги базарларда кытай картошкасы жергиликтүү продукция катары сатылып жатканын текшерип, андай фактыларды тапкан жок. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы Бишкек менен Оштогу базарлардагы картошкаларды текшерди. Максаты — Кытайдан импорттолгон картошка жергиликтүү продукция катары сатылып жатабы же жокпу, аныктоо эле. Жыйынтыгында мындай фактылар катталган жок.
Адистердин маалыматына ылайык, учурда рынокто кытай картошкасы 38-40 сомдон, ал эми жергиликтүү картошка 42-44 сомдон сатылууда.
Ошондой эле дыйкандарга картошканы кампада кармап отуруп албай өз убагында сатуу сунушталды. Жакынкы күндөрү Араван районунун жаңы картошкасы рынокко чыгып, баанын өсүшүн токтотот деп күтүлүүдө.
Эске салсак, социалдык тармакта Кытайда өстүрүлгөн картошканы "Кочкордун картошкасы" деп айлантып жаткан видео тараган.