БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Руслан Сүйүналиевди финансы министри кылып дайындоого макулдук берди.
Ал буга чейин финансы министринин биринчи орун басары болуп иштеп келген. Бүгүн Финминдин башчысы Улуттук банктын төрагасы болуп кеткендиктен министрлик орун бошогон.