Бишкекте мотоциклдерди, скутерлерди жана мопеддерди текшерип жатышат

Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкекте мотоциклдерди, скутерлерди жана мопеддерди текшерүү боюнча масштабдуу рейддер башталды. Бул тууралуу Милициянын патрулдук кызматынын башкармалыгы кабарлады.
Бул иш-чаралар жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, жол кырсыктарын алдын алууга жана эки дөңгөлөктүү транспорттун айдоочуларынын тартибин жакшыртууга багытталган. Патрулдук милициянын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Жол кыймылынын эрежелерин эскертип жатышат.
"Өзгөчө көңүл транспорт каражаттарынын техникалык мүнөздөмөлөрүнө бурулууда. Эгер кыймылдаткычтын көлөмү белгиленген стандарттарга туура келбесе же керектүү документтер жок болсо, айдоочуларга карата укук бузуу боюнча протоколдор түзүлөт", — деди патрулдук милиция.
Ведомство жарандарды Жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, коргоочу жабдууларды колдонууга жана транспорт каражаттарын мыйзам бузуулар менен пайдаланбоого чакырат.
Электросамокат тебүүдө жол эрежесин бузгандарга чектөө киргизүү сунушталды