БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. "Кыргызнефтегаз" казып, "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасы өндүргөн АИ-80 үлгүсүндөгү майды Ташиевдердин үй-бүлөсү жергиликтүү эки компанияга мажбурлап алдыртып келген. Чуулуу иш боюнча президенттик администрация үн катты.
Өлкө башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун айтымында, 1952-жылы түзүлгөн "Кыргызнефтегаз" казган чийки мунай Өзбекстанга жөнөтүлүп, ал жактан бензин жана дизель майы болуп чыгып келген. СССР тарагандан кийин өндүрүш чектелген.
1996-жылы "Кыргыз Петролеум Компани" туунду ишканасы түзүлүп, мунайды өлкө ичинде кайра иштете баштайт. Бирок дарамети АИ-80 маркасындагы майга гана жеткен. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин евростандарттагы күйүүчү майга өтүп, жергиликтүү өндүрүштөн чыккан майга суроо-талап токтогон.
"2021-жылдан тарта "Кыргызнетегаз" менен "Кыргыз Петролеум Компани" Камчыбек Ташиевдин таасиринде болуп, жээни Байгазы Матисаков жетекчи болот. Казылган мунайды туунду компания кайра иштетип, Ташиевдин үй-бүлөсү тарабынан түзүлгөн жеке ортомчу компаниялар киргизип, мунайды ошолор өндүрүп жаткандай көрсөтүлгөн. Мамлекеттик компания иштегени менен даяр продукция Ташиевдерге таандык компаниялар аркылуу сатылып, киреше да аталган үй-бүлөгө түшүп турган", — деп жазды Орунбеков.
Анын айтымында, АИ-80 бензини жана дизель ички рынокто колдонулбаса да Ташиевдердин фирмасы нефть менен иштеген жергиликтүү эки ири компанияга сатып, мажбурлап алдыртып келишкен.
"Басымдын таасири менен сатып алган компаниялар АИ-80 маркасындагы бензин менен дизелди Россиядан келген жогорку сапаттагы бензинге жана дизелге аралаштырып, элге сатышкан. Муну нефтрейдерлер "шакарап" деп коюшат экен. Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин жогорудагы эки компания АИ-80 маркасындагы майды сатып алууну токтоткон. Мындан улам "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасынын кампаларында күйүүчү майдын запасы топтолуп калган. Өкмөттүн уруксаты менен эми "Жунда" жана "Кыргыз Петролеум Компани" ишканаларынан өндүрүлгөн АИ-80 маркасындагы бензин жана дизель Тажикстан менен Афганстанга экспорттоло баштайт. Ал эми Россиядан келген май сыртка чыгарылбайт", — деди Орунбеков.
Президенттик администрациянын өкүлү мамлекет "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасын модернизациялоону баштаганын, жумуш эки жыл ичинде аяктай турганын белгиледи. Завод жаңылангандан кийин евростандарттагы күйүүчү майдын түрлөрүн чыгарып, ички талаптарды камсыздап баштайт.
Эскерте кетсек, "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупциялык схеманы Салык кызматы ачыктаган. Кечээ бул боюнча кылмыш иши козголду.