БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бейшембиде күн ачык болот. Өлкөнүн Ош, Баткен облустарынан башка аймактарда жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 1-6 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет берди.
Абанын температурасы Чүйдө +11…+16, Талас аймагында +10…+15, Ош, Жалал-Абад облустарында +12...+17, Ысык-Көл жергесинде +7...+12, Нарын өрөөнүндө +2...+7 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +14...+16, Ош шаарында +14...+16 градуска чейин көтөрүлөт.