Сүлүктү шаары Кыргызстандагы тарыхы бай, ар кызык болгон аймактардын бири. 1868-жылы шаар көмүр екенин казуучу аймак болуп жанданып, анын шаар катары өнүгүшү 1940-жылдардан кийинкиге туш келет. Мына ушул бир кылымдан ашык тарыхында шаардын башынан түрдүү доорлор өткөн. Кокон хандыгынын учурунда бирин-серин калк жашаган өрөөндө көмүр казуу иштери ак падышанын келиши менен башталган. Көп өтпөй Октябрь революциясы орун алып, бул аймак РСФСР үчүн стратегиялык маанилүү чөлкөмгө айланган.
Ал тургай эл оозунда "Сүлүктү шаары - Октябрь революциясынын бешиги" деп аталып калган. Шаардын калыптанышы, андагы СССРдин орношу жана башка тарыхый окуялар тууралуу жергиликтүү тарыхчы, КРдин эмгек сиңирген мугалими, билим берүүнүн отличниги Ысмайыл Эралиев айтып берди.