"Кыргызнефтегаз" казып, "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасы өндүргөн АИ-80 үлгүсүндөгү майды Ташиевдердин үй-бүлөсү жергиликтүү эки компанияга мажбурлап алдыртып келген. Чуулуу иш боюнча президенттик администрация үн катты. Өлкө башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун айтымында, 1952-жылы түзүлгөн "Кыргызнефтегаз" казган чийки мунай Өзбекстанга жөнөтүлүп, ал жактан бензин жана дизель майы болуп чыгып келген. СССР тарагандан кийин өндүрүш чектелген. 1996-жылы "Кыргыз Петролеум Компани" туунду ишканасы түзүлүп, мунайды өлкө ичинде кайра иштете баштайт. Бирок дарамети АИ-80 маркасындагы майга гана жеткен. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин евростандарттагы күйүүчү майга өтүп, жергиликтүү өндүрүштөн чыккан майга суроо-талап токтогон.Анын айтымында, АИ-80 бензини жана дизель ички рынокто колдонулбаса да Ташиевдердин фирмасы нефть менен иштеген жергиликтүү эки ири компанияга сатып, мажбурлап алдыртып келишкен.Президенттик администрациянын өкүлү мамлекет "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасын модернизациялоону баштаганын, жумуш эки жыл ичинде аяктай турганын белгиледи. Завод жаңылангандан кийин евростандарттагы күйүүчү майдын түрлөрүн чыгарып, ички талаптарды камсыздап баштайт. Эскерте кетсек, "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупциялык схеманы Салык кызматы ачыктаган. Кечээ бул боюнча кылмыш иши козголду.
Жогорку Кеңеш Руслан Сүйүналиевди финансы министри кылып дайындоого макулдук берди.Ал буга чейин финансы министринин биринчи орун басары болуп иштеп келген. Бүгүн Финминдин башчысы Улуттук банктын төрагасы болуп кеткендиктен министрлик орун бошогон. Ошондой эле, Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына Алмазбек Бакетаевдин талапкерлигин жактырды. Ал 2011-жылдан тарта Финансы министрлигин жетектеп келген.Эске салсак, ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиев башкы банктын буга чейинки башчысы Мелис Тургунбаев өз каалоосу менен арыз жазганын айткан.**очкордо күн электр станциясын куруу долбоору илгерилөөдө. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган агенттик Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору, Энергетика министрлиги менен биргеликте Коңорчок айылында кубаттуулугу 150 МВтка чейинки күн электр станциясын куруу боюнча пилоттук долбоорду илгерилетүүнүн жыйынтыктоочу этабына келишти. Долбоор Эл аралык каржы корпорациясынын техникалык колдоосу менен ишке ашырылууда жана өлкөдө калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүүнүн алкагындагы кадамдардын бири катары каралууда. “Жашыл” энергетиканы өнүктүрүү өлкөнүн мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн энергетика тармагы үчүн маанилүү экенин айтты. “Ал кайра жаралуучу энергетика секторуна жеке инвестицияларды тартууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин мындан ары өнүктүрүүгө негиз түзөт”, - деп белгиледи ал. Анын айтымында, мындай демилгелерди ишке ашыруу энергия булактарын диверсификациялоо жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.