Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү завод өткөн жылдын аягында расмий ачылып, катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетип жана электр энергиясын өндүрүп жатат. Завод өндүргөн электр энергиясын жалпы электр тармактарына бере баштады. Жылына 365 миң тонна таштанды иштетип, саатына 30 МВт кубаттуулуктагы электр энергиясын өндүрө турган завод 12 гектар жерге курулган. Экологиялык завод кандай иштеп жатканын Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулу айтып берди.