Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Бишкекте мотоциклдерди, скутерлерди жана мопеддерди текшерүү боюнча масштабдуу рейддер башталды. Бул тууралуу Милициянын патрулдук кызматынын башкармалыгы кабарлады. Бул иш-чаралар жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, жол кырсыктарын алдын алууга жана эки дөңгөлөктүү транспорттун айдоочуларынын тартибин жакшыртууга багытталган. Патрулдук милициянын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Жол кыймылынын эрежелерин эскертип жатышат. "Өзгөчө көңүл транспорт каражаттарынын техникалык мүнөздөмөлөрүнө бурулууда. Эгер кыймылдаткычтын көлөмү белгиленген стандарттарга туура келбесе же керектүү документтер жок болсо, айдоочуларга карата укук бузуу боюнча протоколдор түзүлөт", — деди патрулдук милиция. Ведомство жарандарды Жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, коргоочу жабдууларды колдонууга жана транспорт каражаттарын мыйзам бузуулар менен пайдаланбоого чакырат.
Кыргызстанда 2025-жылы орточо эмгек акы дээрлик 10 пайызга өсүп, жумушсуздуктун деңгээли төмөндөгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу билдирди. Анын айтымында, мындай талдоолор биз тараптан берилген статистикалык маалыматтарга жана комиссиянын баалоолоруна карата негизделет.“26-27-март күндөрү Чымкент шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын деңгээлинде Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибинде докладдар сунушталат. Мында күн тартибиндеги маанилүү маселелердин бири - макроэкономикалык саясаттын алкагында комиссия тарабынан даярдалган баяндамалар. Бул баяндамалар биримдиктеги учурдагы абалды чагылдырып, келечекке карата божомолдорду камтыйт. Биз эл аралык институттардын божомолдоруна таянуу менен бирге комиссиянын өз алдынча жүргүзгөн анализине да көңүл бурабыз”, - деди Каныбек уулу.Жыйынтыгында Элимбек Каныбек уулу баяндамада Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү биримдик ичиндеги ийгиликтүү жана келечектүү динамиканы көрсөтүп жатканын кошумчалады.
Манас жана Талас шаарларындагы “Акылман” лицейлери 2026-27-окуу жылына карата күзүндө ишке берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Акылман" лицейинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Азиреткул Асанов билдирди. Жетекчи белгилегендей, аталган филиалдардын курулуш иштери 60%га бүткөрүлдү. “Лицейдин Манас жана Талас шаарларындагы филиалдарына быйылкы жылы 6-класстын окуучулары 7-класска, 7-класстар 8-класска кабыл алынат. Ал жактарда окуучулар үчүн гана эмес, мугалимдер үчүн дагы толук кандуу шарттар түзүлөт. Мугалимдер үй-бүлөсү менен көчүп барып, иштей алышат”,-деди ал. Белгилей кетсек, “Акылман” лицейи 2023-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ачылган. Учурда мектеп 2026-2027-окуу жылдарына карата 6чы жана 7-класстарды кабыл алууну баштады. Конкурска өлкөнүн бардык аймактарынан окуучулар катыша алышат.
Израилдин аскердик авиациясы Ливандын борбору Бейрут шаарындагы көп кабаттуу турак үйдү кыйратты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.Өткөн жумада ошол эле имаратка эки жолу чабуул жасалган, бирок ал жарым-жартылай гана жабыркаган.Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.