Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында төрт талапкерди Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады. Ага ылайык, Курманкул Зулушевдин ордуна Улугбек Ормонов Шайырбек Ташиевдин ордуна Мавлюда КалбердиеваНурланбек Азыгалиевдин ордуна Бактыбек Чойбеков Гүлсүнкан Жунушалиеванын ордуна Алтынкүл Мурзакимовага депутаттык мандаттар берилди. Жаңы депутаттар расмий түрдө катталып, аларга күбөлүктөр жана төш белгилер тапшырылды.
Айыл чарба министрлиги базарларда кытай картошкасы жергиликтүү продукция катары сатылып жатканын текшерип, андай фактыларды тапкан жок. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты. Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы Бишкек менен Оштогу базарлардагы картошкаларды текшерди. Максаты — Кытайдан импорттолгон картошка жергиликтүү продукция катары сатылып жатабы же жокпу, аныктоо эле. Жыйынтыгында мындай фактылар катталган жок. Адистердин маалыматына ылайык, учурда рынокто кытай картошкасы 38-40 сомдон, ал эми жергиликтүү картошка 42-44 сомдон сатылууда. Ошондой эле дыйкандарга картошканы кампада кармап отуруп албай өз убагында сатуу сунушталды. Жакынкы күндөрү Араван районунун жаңы картошкасы рынокко чыгып, баанын өсүшүн токтотот деп күтүлүүдө.Эске салсак, социалдык тармакта Кытайда өстүрүлгөн картошканы "Кочкордун картошкасы" деп айлантып жаткан видео тараган.
УКМКнын Чолпон-Ата шаары боюнча башкармалыгынын А.Б. аттуу жетекчиси Аскер прокуратурасы кармады.Кабары бар кишилердин маалыматына таянсак, ал кызматтагы абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип жатат. Тагыраагы, УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбеков менен тыгыз байланышта болгон дешти.Эске салсак, Жакыпбеков УКМКнын кызматкерлеринен жана жарандардан турган туруктуу коррупциялык топ түзүүгө шектелип кармалган. Биринчи май райондук соту аны 15-апрелге чейин камакка алган.
Украинадагы жаңжалдан курал-жарак өндүрүүчүлөр, энергетикалык компаниялар жана насыя берген банктар пайда көрүп жатышат. Дал ошолор чырдын уланышына кызыкдар. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан HirTV телеканалынын эфиринде билдирди. "Менин оюмча, биз Шекспир "согуштун иттери" деп атаган адамдарды оңой эле тааный турган чекке жеттик. Бул согушта үч чоң күч: курал-жарак заводдору, энергетикалык компаниялар жана банктар жеңүүчү экенин так айта алам. Алар көшөгө артында согушту сүрөп жатышат", — деди Орбан. Венгриянын премьер-министри белгилегендей, 2022-жылдан бери ири курал-жарак компанияларынын акциялары кескин өстү, энергетикалык ишканалар Европадан орус мунайы менен газын сүрүп чыгарып, чоң киреше табышты. Ал эми банктар өлкөлөргө аскердик насыяларды берип жатышат, бул болсо дүйнөдөгү эң кирешелүү бизнес болуп саналат.Буга чейин Орбан Брюссель Европаны согушка даярдап жатканын, ал эми Украинада европалык аскерлердин пайда болушу убакыт маселеси экенин билдирген. Анын айтымында, 2022-жылдагы шайлоодо учурдагы бийликтин жеңишинин аркасында Венгрия — азыр Евробиримдик өлкөлөрүнүн ичинен согушка даярданбай жаткан жалгыз өлкө, ал эми башка европалык мамлекеттер жаңжал тарапка марш менен баратышат.