Эне жана баланын ден соолугу ар бир өлкөнүн саламаттык сактоо системасында өзгөчө мааниге ээ. Кыргызстанда перинаталдык кызмат энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнүн негизги бөлүгү болуп саналат. Акыркы жылдары бул тармакты өнүктүрүү, медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу жана энелер менен ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Биз Кыргызстандагы перинаталдык кызматтын учурдагы абалы, анын негизги көйгөйлөрү жана 2030-жылга чейинки өнүгүү пландары тууралуу маек курдук.