Бишкек шаарында майыптыгы бар балдар үчүн курула турган "Үмүт чырагы" бала бакчасынын курулушуна мезгил кутучасы салынды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Аземге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышкан. Минкаб башчысы бул долбоор өзгөчө балдарга болгон камкордуктун айкын белгиси экенин белгилеген. "Бул курулуш – биздин балдарыбызга болгон чоң камкордуктун белгиси. Өзгөчө балдар үчүн атайын шарттары каралган мындай чоң үмүттүн символу болгон бала бакчанын курулушу коомубуз үчүн да, ата-энелер үчүн да чоң кубаныч", – деди Касымалиев. Аталган долбоор өлкөдө мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү экендигин жана бул багытта колго аларлык иштер жүргүзүлүп жатканын белгилеген. Маалыматка таянсак, 2024-жылы бала бакча менен камсыз кылуу көрсөткүчү 28,3 пайызды түзсө, былтыр 51 пайызга өскөнү айтылды. Учурда Кыргызстан боюнча 2 344 бала бакчада 320 миңден ашуун бала тарбияланууда. 2030-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылууну 80 пайызга жеткирүү максаты коюлган.
Кытайдан келген картошканы Кочкордуку деп саткан ишкерлерге карата рейд жүрөт. Бул тууралуу айыл чарба министри Эрлист Акунбеков бүгүнкү кеңешмеде тапшырма берди. Буга чейин социалдык тармакта Кытайдан келген картошканы "Кочкордун картошкасына" айлантып жаткан видео тараган. Кыргызстан былтыр 28,6 миң тонна картошка импорттосо, анын 22 миңин Кытайдан сатып алган. Республика 2024-жылы 512 тонна картошка импорттогон, анда Кытайдан 10 тоннадан азыраак алынган болчу.
Нооруз майрамын өткөрүүгө жана Нарын шаарындагы имараттардын фасаддарын жаңылоого болжол менен 200 миллион сом бөлүнгөн. Бул маалыматты аймактагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров тастыктады. Анын айтымында, каражат президенттик фонддон бөлүнгөн, муниципалдык кызматкерлерден бир тыйын да алынган эмес. Өкүл майрамга 40 жылкы союлат деген маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, майрамдык иш-чарада бешбармак даярдап, элге таратуу үчүн эт сатып алынган. Бул жылы Нооруз майрамы кеңири масштабда Нарын шаарында өткөрүлөт. Иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышат.
Украинага коопсуздук жаатында көмөктөшүү боюнча АКШнын отставкадагы генералы Антонио Агуто жетектеген топто (SAG-U) ынтымак, өз ара алака жок болгон жана иш жакшы жүргөн эмес. АКШнын аскердик ведомствосунун отчётуна таянган РИА Новости генерал ичкиликке берилгендигин жана шалаакылыгы үчүн айыпталгандыгын жазды. Текшерүү иштери Киевге аскердик жардам көрсөтүүгө жооптуу бул түзүмдө "начар башкарылган чөйрө" калыптанганын тастыктады. Генерал 2022-жылдын аягынан 2024-жылга чейин бул топту жетектеп, Батыштын Киевге деген бардык аскердик жабдууларынын берилишин жөнгө салууга жооптуу болгон. Инспекторлор ал жердегилердин ишке болгон кызыгуусун жоготкон негизги себеп катары оор шарттар менен кадрлар токтобогон жагдайды белгилешкен. "Биз SAG-U тобундагы башкаруусу начар чөйрөнүн калыптанышына жана моралдык жактан төмөндөшүнө бир нече себепти аныктадык. Алардын ичинде иштин өтө жогорку темпи, объектилердеги ыңгайсыздыктардан жаралган катаал шарттар, ошондой эле кадрлардын улам алмаша берүүсү бар", — деп айтылат документте.