Мамлекеттик салык кызматы селлерлер жана маркетплейстердин өкүлдөрү менен биргеликте электрондук соода аянтчалары аркылуу соода жүргүзүүдө колдонулуучу электрондук эсеп-фактуранын жаңы формасын пайдалануу менен товарларды тесттик жөнөтүүнү ишке ашырды. Товарларды Кыргызстандан Казакстандын аймагы аркылуу Россияга ийгиликтүү алып чыгуу камсыздалды. Электрондук соода аянтчасындагы соода ишмердүүлүгүнүн алкагында эсеп-фактура товарларды Кыргызстандын аймагынан чыгарганга чейин электрондук документ түрүндө таризделет. Жаңы система товарларды ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоону канчалык деңгээлде жеңилдетерин Мамлекеттик салык кызматынын Фискалдаштырууну ишке киргизүүнү контролдоо башкармалыгынын фискалдык документтерди ишке киргизүү бөлүмүнүн башчысы Самаган Аманкулов айтып берди.