Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстандын коммерциялык банктарындагы топтолгон аманаттардын көлөмү 880 млрд сомду түздү, бул ИДПнын болжол менен 45 пайызын түзөт. Мындай маалыматтар Евразия өнүктүрүү банкынын жумалык маалыматында айтылат. "Депозиттик базанын 64 пайызы улуттук валютадагы каражаттарды тартуунун эсебинен калыптанган. Мөөнөтү боюнча түзүмүндө алыш-бериш эсептери басымдуулук кылат, бул 44 пайыз, талап кылынганга чейинки аманаттар 24 пайызды, ал эми мөөнөттүү депозиттер жалпы көлөмдүн 32 пайызын түзөт", - деп эсептешет банктын аналитиктери. Серепчилер белгилегендей, депозиттик базанын, биринчи кезекте улуттук валютадагы аманаттардын көбөйүшү сомдун туруктуулугун, финансы секторунун жана жалпы эле экономиканын бекемдигин айгинелейт. Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү оң нукта баратат жана бул динамика жарандарды өздөрүнүн топтоолорун көбөйтүү үчүн акчаларын банктарга салууга шыктандырууда.
Орозо айтта коомдук тартипти 10 миңден ашуун милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Айт намазы мечиттердин аймагында гана өткөрүлөт. Майрам күнү ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, жарандардын коопсуздугун камсыздоого жана укук бузуулардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурушат. Айт намазынын программасы төмөндөгүдөй: 07:30-08:00-баяндар айтылат; 08:00-08:25-имам-хатибдердин жана мамлекеттик ишмерлердин куттуктоолору; 08:25- 08:30-Айт намазын окуунун эрежелерин түшүндүрүү; 08:30-08:50-Айт намазын окуу. Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого, бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылууга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга чакырат.
"Дордой" базарындагы унаа токтотмолор мэрияга өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолугушту. Тараптар "Дордой" базарынын аймагындагы инфраструктураны жакшыртуу маселелерин талкуулашкан. Калаа башчысы шаар бийлиги бизнеске каршы эместигин, тескерисинче, аны колдоорун айтып, бирок өнүгүү тартип негизинде ырааттуу жүрүшү керектигин белгилеген. "Соодагерлер үчүн да, шаар тургундары үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл", — деди Жунушалиев.Ал эми Салымбеков базар аймагында жол куруу иштери 2026-жылдын 1-апрелинен тарта башталарын билдирди.
Ч. Айтматов атындагы улуттук орус драма театрында 21-март күнү саат 15:00дө пенсионерлер үчүн "Айтматов" спектакли акысыз көрсөтүлөт. Бул тууралуу театрдан билдиришти. "Бул майрам күнү биз сиздерге унутулгус таасирлерди тартуулап, коомдун жашоосуна кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирүүнү каалайбыз. Нооруз майрамынын урматына сиздер үчүн "Айтматов" спектаклинин кайрымдуулук көрсөтүүсүн даярдадык. Майрамдык кубанычты биз менен тең бөлүшүп, позитивдүү эмоцияларды алуу үчүн келиңиздер", – деп айтылат театрдын кайрылуусунда. Спектаклдин режиссеру – Вячеслав Виттих. Инсценировканын автору – Артем Бруно. Спектаклдин узактыгы – 1 саат 20 минут.