БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Владимир Зеленский Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга Украинанын кийлигишүүсүнө байланыштуу Иран тарабынан айтылган эскертүүлөрдөн коркпой турганын билдирди. Бул тууралуу ал i24NEWS телеканалындагы маегинде айткан.
"Мындай билдирүүлөрдөн биз коркпойбуз", — деди ал.
Өткөн ишембиде Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча комиссиясынын төрагасы Ибрагим Азизи Украина Израилге жардам көрсөткөнү үчүн анын аймагы сокку уруу үчүн бутага айланганын билдирген. Буга чейин Владимир Зеленский Сауд Арабиясына, Катарга жана Бириккен Араб Эмирликтерине "тиешелүү адистерди" жөнөткөнүн айткан. Ал эми Дональд Трамп бул билдирүүнү төгүндөдү.
АКШ менен Израилдин Иран Ислам Республикасына каршы аскердик операциясы 28-февралдан бери уланууда. Бул убакыт аралыгында тараптар бири-бирине сокку уруп келишет. Тель-Авивде негизги максат катары Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экени белгиленген. Вашингтон өлкөнүн аскердик потенциалын жок кылам деп коркутуп, элин режимди кулатууга чакырды. Ал эми Иран өзүн коргоого даяр экенин белгилеп, азырынча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн мааниси жок экенин билдирди.