БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. УКМК контртеррордук иш-чаралардын алкагында халифат түзүүгө үндөгөн кишини Стамбулдан кармап келгенин кабарлады.
Маалыматта шектүү "Ислам мамлекети"* террордук уюмунун мүчөсү экени айтылат.
"Т.М. Араванда жашап жүргөн учурунда террордук идеологияны жайылтуу менен алектенген. Ал халифат түзүүгө чакырык таштап, адамдарды Жакынкы Чыгыштагы согушка тарткан. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында да терактыларды жасоону пландап жүргөн", — дешти атайын кызматтан.
Шектүү 16-март күнү Стамбул шаарынан кармалып. Кыргызстанга алып келинген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы маалым болду.
* Кыргызстан, Россия баштаган бир катар өлкөлөрдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук уюм