Тай-Мурас Ташиев ИИМге суракка чакырылды

Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев ИИМге суракка чакырылды. Бул тууралу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булак билдирди.
Ал ким катары чакырылганы кабарлана элек.
Буга чейин "Кыргызнефтегаздын" 2021-жылдан берки кирешеси Ташиевдердин жакын чөйрөсүнүн колунда калганы тууралуу маалымат тараган. Салык кызматы "Кыргызнефтегаз" ишканасынын мунай өндүрүп сатуу процессинде мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген иш-аракеттер аныкталганын кабарлап, ага Ташиевдер кланынын тиешеси болгонун билдирген. Факт боюнча иш козголгону кабарланды.
Бир тууганымды дагы аябайм! Садыр Жапаровдун парламенттеги кеби