БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги адамдын психикасы жабыркаганын айгинелеген белгилерди тизмектеп, бейтап кайсы учурда дарыгерге кайрылышы керектигин айтып берди.
№6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун психиатры Борис Ли Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде көбүрөөк байкалган белгилерди санады:
маанайдын чөгүшү, тез ачуулануу, ички боштук;
жашоого, көңүл ачууга кызыгуунун жоголушу;
уйку менен табиттин жоголушу;
ой топтоодо, чечим кабыл алууда кыйналуу;
өзүн күнөөлүү сезүү.
Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын алгачкы медициналык-санитардык жардам бөлүмүнүн башчысы Нургүл Ибраева адамдын эки жумадан ашык уктай албай кыйналышы, кадыресе жагдайларга чукул реакция жасашы дарыгерге кайрылууга себеп экенин айтты.
"Мындай учурларда алгач психологго кайрылуу кажет, бирок бизде бул адистер аз болгондуктан эл үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы психиатрга туш болот. Эгер жабыркаган адам же анын жакындары өз убагында жардам сурабаса, майыптыкка кабылуу тобокелдиги күчөйт. Бейтап канчалык эрте дарылана баштаса, ошончолук эрте айыгат", — деди министрликтин өкүлү.
Адистер адамдын маанайынын, жүрүм-турумунун өзгөрүшүнө, өзгөчө жакшы маанай тартуулаган көнүмүш нерселер кубандырбай калганына көңүл буруу керектигин белгилешти.