БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Ош шаарында жүрүп жаткан бир да курулуш токтобойт. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев калаа эли менен болгон жолугушууда айтты.
Анын айтымында, былтыр шаарда бир нече курулуш башталып, бирок тийиштүү документтеринин жоктугунан иштер аягына чыкпай калган. Тагыраагы, мэрия тарабынан оозеки уруксат берилип, келишимдер түзүлө берген. Орунтаев министлик тарабынан курулуш компанияларына эскертүүлөр берилип келгенин белгиледи.
"Бир дагы курулуш токтобойт. Бардыгы сапаттуу жана мыйзамдуу болуп аягына чыгат. 1-сентябрга чейин курулушу башталган 10 мектеп бүтөт. Биз дагы жаңы курулуштарды баштайбыз. Мындан ары бардык объектилер министрликтин көзөмөлүнө өтөт", — деди жетекчи.
Маалыматка ылайык, эми иш эки этап менен жүрөт. Биринчисинде аягына чыга элек объектилер Курулуш министрлигинин карамагына өтөт. Экинчи этапта курулуп бүткөн тогуз объект атайын комиссиядан өтүп, тиешелүү документтери даярдалат.